Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Ак-Талаадагы тарыхый аймак кароосуз калган


Нарындын Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жайгашкан Шырдакбектин сепилинин чеке-бели тосулбай турат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Талаа районунун тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов билдирди. Анын айтымында, мурда сепилди курчаган зымдар тонолуп, тарыхый жерге айылдын малы жайылууда. Жергиликтүү бийлик болсо жакынкы күндөрү сепилдин айланасын тазалап, тосуу иштери баштаарын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, совет доорундагы изилдөөлөр сепилдин 10-12-кылымдарга таандык экендигин аныктаган. Учурда сакталып калган дубалдын бийиктиги 4-5 метр, калыңдыгы 5-2 метрге жетет. Ал топурактан тургузулуп бурчтары жана эшиктери мунаралар менен бекемделген. Сепилдин айланасында туурасы 20 метрге жакын аң казылган.

Тарыхчы Апиловдун айтымында, Шырдакбек кыпчак уруусунан чыккан баатыр. Ал санжырада өз элин душмандардан коргоп, Фергана, Кашкардан бери хан болгон деп айтылат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG