Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Алматы 2022-жылкы Кышкы олимпиаданы өткөрүү укугу үчүн таймашат


Олимпиаданы өткөрүүгө ат салыша турган финалисттердин тизмеси Алматы, Бээжин жана Осло шаарынан куралганын бүгүн Эл аралык Олимпиада комитети кабарлады. Талапкерлердин калгандары таймашка катышуудан өздөрү баш тарткан. Ослонун талапкерлиги да азырынча Норвегиянын өкмөтү тарабынан толук колдоого алына элек. Эми үч талапкер - шаар 2015-жылдын январына чейин Олимп оюндарын кабыл алуу боюнча кеңири планын сунуштоосу керек. Акыркы жыйынтык жана жеңүүчү келерки жылдын 31-июлунда Куала-Лумпурда жарыяланат. 2022-жылкы Кышкы оюндарды өткөрүүгө алгач алты шаар ат салышкан, кийинчерээк Стокгольм, Краков жана Львов таймаштан чыгышты.

XS
SM
MD
LG