Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Нарын: Торугарт көзөмөлдөө жайы оңдолот


Нарындын Кытай менен чектеш аймагындагы Торугарт көзөмөлдөө жайына Кытай мамлекети өз каражаты менен бардык шарты бар имарат куруп берет.Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык,эки кабаттуу имарат Кытай тарап 42 миллион юань кайтарымсыз каражат бөлгөн. Анын ичинде лабораториялык, ветеринардык, санитардык-эпидемиологиялык борборлор кошо салынмакчы. Ал эми эски имараты оңдолуп-түзөлүп мейманкана, ашкана болмокчу. Мындан сырткары 150 унаа бата турган унаа коюучу жай салынат. Учурда тиешелүү документтерге кол коюлуп, курулуш башталар алдында турат.Торугарт жана Эркеч-Там көзөмөл өткөрмө жайларын (КПП) реконструкциядан өткөрүү боюнча 2009-жылы Чек ара кызматы менен Кытай мамлекетинин Коргоо министирлиги ортосунда келишим түзүлгөн.Мындан беш жыл мурда Торугарт көзөмөлдөп-өткөрүү жайы 50 метр ичкери салына тургандыгы белгилүү болгон. Бирок курулуш башталган маалда чек ара жылганына нааразы болгон эл каршы чыгып, курулуш токтоп калган. Учурда чек арага жакын айылдарда жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүүдө.Салынганына 23 жыл болгон Торугарт көзөмөлдөө жайында буга чейин бир да жолу оңдоо иштери жүргөн эмес. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG