Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

Ооганстанда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы Гани жеңиши мүмкүн экенин көрсөттү


Президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыгын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы бүгүн чыгарды. Ага ылайык, Ашраф Гани жалпы добуштардын 56.44% алган, Абдулла Абдуллага 43.56% шайлоочу добуш берген. Комиссия бирок бул алгачкы жыйынтык экенине басып жасап, “бурмалоолор” боюнча арыздар каралгандан кийин акыркы жыйынтык дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин белгиледи. Шайлоо комиссиясы эки талапкерди тең “сабырдуулукка, тынчтанууга” үндөдү.

Талапкерлер экөө тең бири-бирин добуш саноо процессине таасир этип, жыйынтыкты бурмалоого аракет кылып жатат деп айыпташууда. Абдулла добуш саноону “акыйкатсыз” жүрүп жатат десе, Гани өзүнүн атаандашына караганда бир миллионго жакын ашыкча добуш алганын айткан эле. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 22-июлга чейин жарыяланышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG