Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Түндүк Вазиристанда өлтүрүлгөн согушкерлердин басымдуусу этникалык өзбектер


Коргоо министри Хаваж Мухаммад Асиф Түндүк Вазиристандагы согушкерлерге каршы операция качан токтотулары белгисиз экенин айтты. Ал жанкечтилерди түп-тамырынан бери жок кылмайынча аракеттер улантыла бериши мүмкүндүгүн белгиледи.

Пакистан армиясы талиптерге жана чет элдик согушкерлерге каршы соккуларды 15-июнда баштаган. Расмий маалыматка ылайык, бир айга чукул убакыт аралыгында 456 согушкер жок кылынды. Алар негизинен этникалык өзбектер экени кабарланууда.

Түндүк Вазиристанда “ал Каидага” байланышы бар "Өзбекстан Ислам кыймылы" тобунун мүчөлөрү активдүү экенин өкмөт күчтөрү белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG