Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Салижан Шарипов кыргыз байрагын да Түндүк уюлга орнотконун билдирди


Салижан Шарипов Түндүк уюлда

Салижан Шарипов Түндүк уюлда

Маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде космонавт Шарипов Кыргызстандын желеги ал үчүн ыйык экенин, каерге барса да байракты өзү менен кошо алып жүрөрүн айтты.

Өткөн жумада Салижан Шарипов Түндүк уюлга Өзбекстандын желегин орноткону жөнүндөгү кабардан улам коомчулук арасында космонавтка сын-пикирлер көбөйүп, ага берилген “Кыргыз эл баатыры” наамын алып салуу тууралуу сунуштар айтыла баштаган болчу.

Кыргызстанда туулган өзбек тектүү Шарипов учурда Орусиянын жараны. Ал буга чейин эки жолу космоско Кыргызстандын туусу алып чыккан.

Ага коңшу Өзбекстан да мамлекеттик даражадагы сыйлыктарды бергендиктен, Түндүк уюлга өзбек байрагын да көтөрүп барган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG