Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Пара алууга шектелген жол кайгуул кызматкери иштен четтетилди


Балыкчы - Каракол жолунда айдоочудан пара талап кылган деп шектелип жаткан жол кайгуул инспектору Жыргалбек Саманов убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев билдирди. Анын айтымында, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен инспекторго кылмыш иш козголушу мүмкүн.

Кечээ Ош мамлекеттик университетинин 30ка чукул студенти Бишкектеги республикалык Жол кайгуул кызматынын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн. Студенттердин айтымында, алар Ысык-Көлгө эс алууга бараткан унааны жол кайгуул кызматкери токтотуп, айдоочудан 10 миң сом пара талап кылган. Студенттер бул окуяны териштирип, пара талап кылган кызматкерди жоопко тартууга чакырышкан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG