Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Атамбаев грузиялыктарга көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзенин каза болгонуна байланыштуу грузин элине жана президент Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандыктар Эдуард Шеварднадзени тажрыйбалуу, чыгаан саясатчы жана өз өлкөсүнүн патриоту катары билишчү деген Атамбаев грузин экс-президенти Советтер Союзунун тышкы саясаты үчүн эбегейсиз салым кошконун да белгиледи.

СССРдин акыркы тышкы иштер министри, Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 7-июлда 87 жаш курагында дүйнө салды. (BkA)

XS
SM
MD
LG