Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кылмыш төбөлүнө мыйзамсыз паспорт берилгенин атайын топ иликтейт


Грузиялык кримтөбөл Роман Барбакадзеге Кыргызстандын паспорту берилишинин жагдайларын атайын тергөө тобу иликтейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу кабарлады. Анын айтымында, бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.

Кылмыш дүйнөсүндө “Ремень” деген каймана ат менен белгилүү Барбакадзеге 2012-жылы Ош облустук каттоо кызматы тарабынан Рамин Алхозов деген ысым менен паспорт берилген. Бул паспорт менен кримтөбөл жакында Украинада кармалган.

Кыргызстанда буга чейин да башка өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү фактылары катталган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG