Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Шаарлардын башкы планы коомчулук үчүн ачык болот


Калктуу пункттардын башкы планы мындан ары жергиликтүү бийликтердин интернеттеги сайтына жайгаштырылып, элге көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бул тууралуу мыйзамга кол койду. Парламент 11-июнда кабыл алган мыйзамга ылайык Шаар курулуш жана архитектура жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизилди. Эл ачык көрө ала турган планда имарат жана курулуштар гана көрсөтүлүп, коопсуздук максатында топографиялык негиздери жана башка маанилүү координаттары жазылбайт.

Бишкек шаарында соңку бир нече жылдан бери жер тилкелери мыйзамсыз сатылып кетип жатканы жарандык коомдун сынына кабылып, буга генплан ачык болбогону негизги себеп экени айтылып келген. Жарандык активисттер бул боюнча сотко да кайрылып, пландын ачык болушуна жете албай койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG