Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Киев козголоңчуларга шарт койду


Козголоңчулар куралын таштамайынча расмий Киев алар менен сүйлөшпөйт. Украинанын коргоо министри Валерий Гелетейдин 8-июлдагы билдирүүсүндө “сүйлөшүү орусиячыл жикчилдер толук куралсызданганда гана болушу мүмкүн” деп айтылат.

Акыркы күндөрү украин армиясы козголоңчуларды Донецк жана Луганскты көздөй чегиндирди. Президент Петро Порошенко аскерлерге шаарларды камоого алып, тышкы байланышын үзүүнү буйруду.

7-июлдагы телефон сүйлөшүүсүндө АКШ менен Франциянын президенттери Орусия президенти Владимир Путинди козголоңчуларга таасир этип, Киев менен сүйлөшүүгө көндүрүүнү сурашты. Барак Обама жана Франсуа Олланд эгерде Москва Украинанын чыгышындагы абалды деэскалациялоо үчүн тез чара көрбөсө, Евробиримдик Орусияга жаңы санкция колдонушу керек деп чечкен. Бул жөнүндө Ак үй маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG