Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Түркияда кароосуз калган кыргызстандык наристе Сузакка жеткирилди


Бул тууралуу Сузак райондук социалдык коргоо башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-топтогу майып, Мария Абылованы Түркиянын көчөлөрүнүн биринен түрк жараны таап алып, Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна кайрылган. 7-июлда Мария учак менен Ошко жеткирилип, аны аэропорттон Сузак райондук социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери тосуп алды.

Аталган башкармалыктын башкы адиси Насыйкат Калымбетова “Азаттыкка” кабарлашынча, кыздын энеси, Сузактын Дмитриевка айылынын тургуну Гаухар Абылова 6 ай мурун Түркияга иштегени кеткен. Бирок ал жактан баңгиликке берилип, кызын карабай калган. Кыз бир канча убакыт көчөдө калган.

Учурда Мария Сузактагы тайэжесине 6 айлык мөөнөт менен кароого берилди. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG