Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Акыйкатчыны шайлоо тартиби өзгөрдү


Президент Алмазбек Атамбаев “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 11-июнда кабыл алган. Ага ылайык, акыйкатчыны шайлоо тартиби өзгөртүлүп, бул кызматка талапкер көрсөтүүгө парламенттик фракциялар укуктуу жана ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуштай алышат.

Ошондой эле акыйкатчы шайлоодо жыйынга катышып жаткан 50дөн ашык депутат добуш берсе шайланды деп эсептелет.

Ал эми мурдагы тартип боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бергенде талапкерлер шайланды деп эсептелинчү.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 58 добуш менен акыйкатчынын 2013-жылга отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан. Он чакты депутат алардын добуштары туура эмес эсептелгенин билдирип чыккандан кийин парламенттин Регламент жана этика боюнча комитети добуш берүү жыйынтыгын иликтеп чыгуу чечимине келген. Бул маселе күзүндө каралмай болууда. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев болсо депутаттардын чечимине макул болбой, парламент токтому Конституция жана башка мыйзамдарга каршы келерин билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG