Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Футбол-2014: Бразилия Германия менен күч сынашат


Бүгүн Дүйнө чемпионатындагы жарым финалдык оюнда Бразилиянын футболисттери германиялык атаандаштары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү 2де башталат. Бул мыкты эки тандалма команданын Дүйнөлүк чемпионаттарда экинчи жолу күч сынашуусу болот.

2002-жылы Жапониядагы чемпионаттын финалында Бразилия Германияны 2:0 эсебинде уткан. Бүгүнкү таймашка бразилиялык атактуу чабуулчу Неймар катышпайт. Ал Уругвай менен болгон чейрек финалдык беттешүүдө омурткасынан жараат алып, азыр ооруканада жатат.

Бразилиялыктардын капитаны Тиаго Силва өткөн оюндарда эки жолу сары карта алгандыктан бүгүн ойнобойт. Буга чейин Бразилия беш жолу, Германия үч жолу дүйнө чемпиону болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG