Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

БШК Каракөлдүн соттолгон депутатын мандатынан ажыратты


Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” партиясынан Каракөл шаардык кеңешине депутат Алтынбек Арзымбаевди мандатынан ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын маалымат катчысы Кыял Бектурова кабарлады. Анын айтымында, буга Арзымбаевдин кылмышка шектелип, соттолгону себеп болгон.

Арзымбаев 2013-жылдын февраль айында Бишкекте Урмат Дүйшекеев аттуу жаранга кол салып, тапанчадан ок атты деген шек менен кармалган. Кол салуудан Дүйшекеев жараат алган. Буга байланыштуу былтыр май айында Бишкектин Октябрь райондук соту Арзымбаевди 4 жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу буга макул болбой, Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок шаардык сот мурунку өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG