Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

"Көчмөндөр оюндарын" өткөрүүгө даярдык начар


Ысык-Көлдө өтө турган "Көчмөндөр оюндарынын" уюштуруу комитети бүгүн жыйын курду. Анда вице-премьер-министр Элвира Сариева эл аралык иш-чарага даярдыктын жүрүшүнө тынчсыздануу билдирди. Сариеванын айтымында, иш-чарага эки айга жетпеген убакыт калды, бирок оюндар өтчү Чолпон-Атадагы ат майдан буга даяр эмес. Жооптуу органдарга даярдыкты күчөтүү тапшырмасы берилди.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары сентябрь айынын биринчи жарымында Чолпон-Атада өткөрүлөт. Ага Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн спортчулары катышат. Көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай боюнча мелдештер болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG