Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Израил такоолдогу аскерлерин армияга чакырат


Израил өкмөтү такоолдогу 40 миңге чейин солдатты армияга чакырганга уруксат берди. Израилдин маалымат булактары бул чара Газа секторундагы ХАМАС исламчыл кыймылына каршы мүмкүн болчу чабуулга даярдыктын бир бөлүгү экенин билдирди. Газадагы жагдай израилдик үч өспүрүм өлтүрүлгөндөн кийин осолдоп кетти. Анын алдында палестиналык уланды экстремист деп шектелген жөөт өлтүргөн болчу. Израил кандуу окуя үчүн ХАМАС кыймылын күнөөлөгөн.

8-июлда Израилдин аскер авиациясы Газага ондогон сокку урган кезде он палестиналык курман болду. Авиачабуул өткөн аптада палестин согушчандары Израилдин түштүгүнө ондогон жолу ракетадан жасаган чабуулга жооп болду.

ХАМАС Израилди “от менен ойноодо” деп эскертти. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас дүйнө лидерлерине кайрылып, Израилге кысым жасап, авиачабуулдарды токтоттурууну суранды.

XS
SM
MD
LG