Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Өкмөт биометрикалык маалымат топтоо боюнча кезектеги кеңешмеге чогулат


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча бүгүн өкмөт өкүлдөрүн кезектеги жыйынга чогултат. Кеңешмеде маалыматтык базаны тактоочу серверди тендер менен алып келүү боюнча талкуу болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда жергиликтүү бийликтерде маалыматтарды чогултуунун алгачкы кадамдары башталды.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында биометрикалык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоо тапшырылган. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапканы кабарланган. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "бир жаран-бир добуш" системасын камсыздоого багытталган.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча өкмөттүк штабды Тайырбек Сарпашев жетектейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG