Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Баткендеги айланма жолдун курулушу Кайрак-Кумда талкууланды


Тажикстандын Кайрак-Кум шаарында Баткенде жаңыдан салынып жаткан Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ворух-Исфара жолунун жаңы бөлүгүн пайдалануу шарттарын аныктоо боюнча сүйлөшүү аяктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, сүйлөшүү жүрүшүндө эки өлкөнүн эксперттери салынып жаткан жолдорду пайдалануу боюнча келишимдин долбоорун даярдашты. Келишимди түзүү өткөн аптада Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жолугушуусунда макулдашылган.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Тажик тарап ага каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуудан соң жол курулушу токтоп калган.

Өткөн аптада кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол койгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG