Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Тоңдо чагылгандан 1 адам мерт кетти


Тоң районун Кажы-Сай айылында 8-июлда чагылган тийип, 40 жаштагы Ишен Күсөгөнов каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Күсөгөнов Тоң райондук электр тармактар ишканасында монтер болуп эмгектенген. Ал айылда зым карагайга чыгып, иштеп жаткан убакта чагылган түшкөн. Андан Күсөгөнов ооруканага жетпей үзүлгөн.

Мындан сырткары аталган айылда ылдамдыгы секундасына 32 метрге чейин катуу шамал катталды. Анын кесепетинен айылдагы “Алтын Жээк” пансионатынын 750м² чатырын шамал учуруп кеткен. Жалпы материалдык чыгым 780 миң 500 сом деп эсептелүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG