Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Ажылыкка барчуларды тандаган чүчүкулак аяктады


Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл ажылык зыяратка өлкө боюнча 8 миңден ашык адам катталды. Ал эми Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн. Мындан улам каттоодон өткөн адамдарды аныктоо үчүн өлкөнүн бардык аймагында чүчүкулактар өткөрүлдү. Ажылык үчүн өлкө облустарындагы калктын санына жараша квота берилген. Бирок Чүй, Талас, Нарын облустары жана Бишкек шаарында бул зыяратка барчулардын саны квотага толбой калгандыктан, бош калган орундар түштүк аймактарга берилди.

Штаб мүчөлөрү чүчүкулакты өткөрүүдө одоно эреже бузуулар, нааразылыктар катталбаганын ишендиришүүдө. Бирок буга чейин Ош облусунда ажылыкка аттанчулар чүчүкулак кармоо калыс өтпөгөнүнө нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Быйыл ажылык сапарга зыяратчылар 5-сентябрдан баштап аттанышат. Аларды эл аралык Fly Dubai авиакомпаниясы ташымакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG