Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Эртең Келдибековдун соту башталат


10-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишти карай баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы прокуратура Келдибековго Социалдык фондду, Салык кызматын жана Жогорку Кеңешти жетектеп турганда мамлекетке ири суммада зыян келтирген деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча айып таккан.

Парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Аны үй камагына чыгаруу талабы менен тарапкерлери быйыл 27-майдан 20-июнга чейин Ош – Эркеч-Там жолун бууп турушкан. Июнь айында Жогорку Кеңеш оппозиционер депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Жогорку Сотко жолдогон болчу. Ага догдурлардын Келдибековдун абалы начарлап баратканы, чет өлкөгө барып дарыланышы керектиги тууралуу аныктамасы негиз болгон. Бул токтом коомчулукта көптөгөн талкууларга жем таштаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG