Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Кандагарда куралдуу кол салуудан 22 кишинин өмүрү кыйылды


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында шаршемби күнү жергиликтүү бийликтин имаратына жана полиция башкармалыгына куралдуу кол салуу болуп, 22 адам апаат кетти. “Азаттыктын” ооган кызматы жергиликтүү бийликтин өкүлү кабарлагандай, каза тапкандардын үчөө полиция кызматкери, бирөө жай тургун. Кол салууну уюштурган 18 адамды өкмөт күчтөрү жок кылды. 14 адам жараат алды.

Маалыматка ылайык, согушкерлер мина орнотулган унааны провинция губернатору иштеген мекеменин дарбазасынын жанына токтотуп, өздөрү имаратты курчап алышкан. Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү алардын баарын атып өлтүргөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө талиптер алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG