Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Маматалиев чек арадагы жол курулушун баштоо үчүн Баткенге барат


Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик чек ара аймагындагы Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жол курулушун баштоо боюнча жергиликтүү бийликке тийиштүү тапшырмаларды берүү үчүн бүгүн Баткенге барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жана Ворух-Исфара жолунун макамын аныктоого байланыштуу тажик тарап менен пикир келишпестиктер болушу ыктымал экенин Маматалиев шаршембиде “Азаттыкка” билдирген.

Жолдун макамы курулуш иштери бүткөнчө аныкталмакчы. Кыргыз тарап “Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолун кыргыз жарандары, Ворух-Исфара жолунун жаңы бөлүгүн тажик жарандары пайдалансын” деген сунушту айтып жатат. Буга тажик тараптын да өз варианты болушу мүмкүн.

Жол куруу боюнча протоколго кол коюлган. Ага ылайык курулуш 10-июлдан кечикпей башталышы керек. Эки өлкө эксперттери жол куруу боюнча 8-9-июль күндөрү Тажикстандын Кайрак-Кум шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG