Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

“Ротафарм” мыйзамсыз иштеп жатканы тууралуу тастыктама келди


Бөйрөк оорусу менен рак илдетине кабылгандар колдончу дарыларды чыгарган “Ротафарм” – World medicine компаниясы эч жерде катталган эмес. Мындай тастыктаманы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги депутат Ширин Айтматовага жолдоду. Депутат компаниянын мыйзамдуулугун тактап берүүнү элчиликтен суранган болчу.

АКШда катталган фирма катары Кыргызстанда британдык дары-дармектерди сатып жаткан “Ротафарм” компаниясынын айланасындагы ызы-чуу өткөн жылы күч алган.

Бөйрөк оорусу жана рак дарты менен жабыркаган адамдардын саламаттыгын колдоо үчүн сайылчу “Репретин” дарысынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча күмөн саноолор көбөйгөн. Британиядагы “Гардиан” гезити да эл аралык “Ротафарм” компаниясы Кыргызстанды сапатсыз дары-дармек менен камсыздап жатканын жазган.

Бул маселени депутат Ширин Айтматова да көтөрүп чыккан. Бишкектин Биринчи Май жана Ленин райондук соттору ишти карап, фирманын пайдасына чечим чыгарган.

“Ротафарм” мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканы тууралуу тастыктама алган депутат Ширин Айтматова маселени тийиштүү органдар дыкат иликтеп, коомчулукка түшүндүрмө бериши керектигин “Азаттыкка” айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG