Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

“Мейкин Азия” ыр фестивалы болбой калды


"Мейкин Азия" фестивалынын логотиби
"Мейкин Азия" фестивалынын логотиби

Кыргыз өкмөтү уюштуруп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык ыр фестивалы башталышына бир апта калганда токтотулду. Буга акчанын жетишсиздиги себеп болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Боронбаев “Азаттыкка” билдирди. Быйылкы ыр-сынак 16-20-июль күндөрү Чолпон-Атада өтөрү кабарланган болчу:

- Фестивалды өткөрүү үчүн жыл башынан бери жакшы эле даярданып келатканбыз. Бирок демөөрчүлөрдү табуу кыйын болду. Бюджетте да акча тартыш болуп калды. Каражаттын көбү жакында эле өткөн “Көчмөнчүлөр оюну” иш-чарасына жумшалып кетти. Айла жок, фестивалга бир жума калганда токтотууга мажбур болдук. Бул үчүн элден кечирим сурайбыз,- деди Боронбаев.

Өткөн айда "Мейкин Азия" популярдуу музыка фестивалынын быйылкы катышуучуларын тандоо башталган эле. Ага ондон ашуун мамлекеттен ырчылар катышышы керек болчу. Алардын баарына сынак токтотулганы тууралуу маалымат берилди.

Өнөр таймашы биринчи жолу былтыр өткөрүлүп, анда баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган. Өткөн жылы Армения, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия сыяктуу 17 мамлекеттен таланттар катышкан.

Быйылкы жагдайдан улам ыр сынагы эки жылда бир уюштурулмай болду. (SE)

XS
SM
MD
LG