Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Депутат Келдибековдун соту 15-июлга жылды


Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго байланышкан кылмыш ишин кароону 15-июлга которду. Буга айыпталуучунун саламаттыгы начарлап, жараянга келе албай калганы себеп болду. Жети айга созулган тергөөдөн соң жакында иш сотко өткөн. Буга чейин Келдибеков иши боюнча соттук териштирүү 10-июлда башталаары кабарланган.

Парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Башкы прокуратура Келдибековго мамлекеттик кызматты ээлеп турган учурда “өлкөгө ири суммада зыян келтирген” деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча айып таккан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG