Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Депкомиссия атайын паспорттордун берилишин иликтөөдө


Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы, депутат Бахадыр Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Тышкы иштер министрлиги тарабынан атайын дипломатиялык паспорттор мындай документ алууга укугу жок бир нече жаранга мыйзамсыз берилген. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы жана неберелери, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жубайы, мурдагы вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын уулдары, теле алып баруучу Ассоль Молдакматова баштаган бир нече жарандар болгон. Сулайманов депутаттык комиссиясынын иликтөөсүнүн жүрүшүндө бул боюнча дагы башка мыйзамсыз иштер ачыкка чыгып жатканын кошумчалады.

Тышкы иштер министрлигинен аталган жарандарга дипломатиялык паспорт берилгенин тастыктап, бирок аны берүүдө мыйзам бузуу болбогонун билдирүүдө.

Дипломатиялык паспорт атайын макамдагы мамлекеттик кызматкерлерге берилет. Ага ээ болгон жарандарга бир катар жеңилдиктер каралган.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG