Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Баткенде кыргыз-тажик чек арачылар атышты


Ак-Сай - Көк-Таш жолунун курулушу. Баткен, 23-январь, 2014.
Ак-Сай - Көк-Таш жолунун курулушу. Баткен, 23-январь, 2014.

Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысына Ак-Сай айылынын тургундары кабарлады. Маалыматка ылайык, Баткендин Ак-Сай айылында бүгүн түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Ок атышуудан тажик тараптын жараат алгандар бар экени айтылууда. Чек ара кызматынан бул окуя такталып жатканын билдиришти.

Бүгүн Баткенде Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушу жанданаары күтүлүп жатат. 3-июлда кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү кол койгон протоколго ылайык, жолду куруу үчүн талаш жаратып келген 70 сотых жерде тажик аскерлери чыгарылып кетмек. Бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев Баткенге барган. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG