Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Кыргыз-тажик чегиндеги атыштын чоо-жайы такталууда


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Раззаков билдирди. Анын айтымында, учурда Ак-Сайдагы кыргыз-тажик аскерлери ортосундагы чыр боюнча маалымат такталууда. Бул боюнча азыр Баткенде күч органдары жыйналыш өткөрүп жатат.

Баткендин Ак-Сай айылында бүгүн түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Ок атышуудан тажик тараптын жараат алгандар бар экени айтылууда. Маалыматка караганда, чыр жайыттан чыккан. Чек ара кызматынан бул окуя такталып жатканын билдирген.

"Азаттыктын" тажик кызматы болсо өз булактарына таянып, чек арадагы Бедек деген жерде чек арачылардын атышынан бир адам каза таап, 7 киши жарадар болгонун жазып чыкты. Бирок Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабай Сангинов азырынча эч нерсе белгисиздигин, бул маалыматты Ворухтун тургундары менен дарыгерлер тастыктап жатканын айтты. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG