Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Исфарада кыргыз-тажик вице-премьерлери жолугушат


Ушу тапта Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Абдырахман Маматалиев менен Муродали Алимардон жолукканы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маматалиев өзү кабарлады. Анын айтымында, вице-премьерлер баштаган кыргыз-тажик делегациялары Исфарага келди. Бираз убакыттан соң жолугушуу башталганы жатат. Жолугушууда Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушун жандантуу тууралуу сүйлөшүү белгиленген. Маматалиев кошумчалагандай, жолугушууда бүгүн Ак-Сайда болгон куралдуу кагылыштын себебин тактоо боюнча да сөз болмокчу.

Ошол эле учурда кыргыз вице-премьери бүгүнкү болгон окуя Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушу жандантууга таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирди. Анын айтымында, курулушка керектүү бардык техникалар жеткирилип, даяр турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG