Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

“Манастан” АКШ аскерлери толугу менен чыгып кетти


“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунун аскерлери толугу менен чыгып бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Транзиттик борбордун ордуна Улуттук Гвардиянын аскерлери жайгаштырылды. Учурда Транзиттик борбордун мүлкүн, аскердик жабдыктарды Башкы штабдан түзүлгөн комиссия кайрадан каттоого алып жатат. Андан соң өкмөттүн чечими менен Коргоо министрлигине же башка аскердик түзүмгө өткөрүлүп берилмекчи.

“Манас” аба майданында 2001-жылдан бери жайгашып келген АКШнын аскерий базасы июнь айында расмий түрдө жабылды. Ал НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операцияларын жүргүзүүгө көмөктөшчү. Былтыр Кыргызстандын парламенти аталган борбор тууралуу АКШ менен келишимди бир тараптуу денонсациялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG