Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Кыргыз-тажик чек арасында экинчи жолу ок атылды


Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Тамдык чек ара бекетинде тажик чек арачылары бүгүн түштөн кийин экинчи жолу ок атты. Анда коңшу өлкө чек арачылары гранатомет жана минометтон ок чыгарган. Учурда ок атышуу токтоду. Жараат алгандар тууралуу маалымат такталууда. Бул окуяга байланыштуу чек араны кайтаруу күчөтүлгөн режимге өттү. Кыргыз чек ара кызматы бул окуя бардык эл аралык укукка каршы келээрин эскертүүдө.

Баткендин Ак-Сай айылына жакын Тамдык деген жерде бүгүн түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында, чыр тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыккан.

Алдын-ала маалымат боюнча, окуядан кыргыз тараптан жараат алгандар жок. Бирок тажик тарап кагылыштан бир жараны каза болуп, бешөө жаракат алганын билдирүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG