Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Тажикстан чек арадагы окуя боюнча Кыргызстанга нота жолдоду


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн Ак-Сайдагы атышуу боюнча Кыргызстанга кырдаалдын чоо-жайын билүү үчүн расмий нота жиберди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин бир нече мүнөт мурдараак таркатылган билдирүүсүндө айтылгандай, окуя Кыргызстандын эмес, Тажикстандын аймагында болгон. Ал жерде суу өткөрүүчү түтүктөрдү жаткырып жаткан тажикстандык тургундарга «Тамдык» бекетинде иштеген кыргызстандык чек ара аскерлери орой мамиле кылып, аларга ишти тезинен токтотуу боюнча мыйзамсыз талап коюшкан. «Андан алыс эмес жердеги тажик чек арачылары келип, абалды сураштыра башташканда кокусунан кыргыз аскерлери адамдарга ок ата баштаган», - дейт министрлик.

Натыйжада, Тажикстандын жети жайкын тургуну жана бир чек арачысы жаракат алып, алардын бирөө жарааттын айынан көз жумган. «Белгилей турган нерсе – тажик чек арачылары бир да ок чыгарышкан эмес», - делет расмий Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө.

Мунун алдынан эле Кыргызстандын чек ара кызматы эки ирет билдирүү таратып, жоопкерчиликти тажик чек арачыларына жүктөгөн. Кызматтын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» сүйлөп, тажик чек арачылары бир күндө эки ирет ок атышканын айткан:

- Эл аралык бүт нормаларды бузуп, тажик чек арачылары бир күндө экинчи жолу Кыргызстандын "Тамдык" чек ара постуна минометтон, гранатометтон ок чыгарышты. Учурда атышуу токтотулду, - деди Бөрүбаева.

Чек ара кызматы кырдаал курчуп кетпеши үчүн азыр Ак-Сай-Тамдык жолун кыргыз чек арачылары жабышканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG