Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Газага урулган соккудан 90дон ашуун адам өлдү


Газа секторундагы "Хамас" исламчыл кыймылына каршы Израилдин абадан урган соккусунан 90 адам набыт болду. Арасында аялдар жана балдар да бар экенин Палестин автономиясынын булактары маалымдады.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде 150 турак жай кыйрап, 339 киши жаракат алган. "Хамас" тобунун согушкерлери да Израил аймагына ок атууларды улантып жатканы кабарланууда. Израил тарап жай тургундар арасында курмандыктар бар, же жок экенин тактап жатканын билдирди.

Бейшембиде кечинде “хамасчылар” Иерусалим жана Тел-Авивди көздөй ок жаадырганын, алардын чабуулу Израилдин аскер аба күчтөрүнө каратылганын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

"Хамас" өкүлү жергиликтүү телеканал аркылуу Израил “мерт кеткен күнөөсүз аялдардын жана балдардын кунун төлөйт”,- деп билдирди.

Израил премьер-министр Бинямин Нетаняху жарашуу жөнүндө аракеттер болушу мүмкүн эместигин айтты.

8-июлда да Израилдин аскер авиациясы Газага ондогон сокку урган кезде он палестиналык набыт болгон. Авиачабуул өткөн аптада палестин согушчандары Израилдин түштүгүнө ондогон жолу ракетадан жасаган чабуулга жооп экени айтылууда. Газадагы жагдай жакында израилдик үч өспүрүм өлтүрүлгөндөн кийин татаалдашып кетти.

XS
SM
MD
LG