Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Бешимов: Чек арадагы чырдын чыгышына тажик тарап кызыкдар


Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баткендеги Тамдык аймагындагы чырдын чыгышы тажик тараптын кызыкчылыгындагы иш болду. Себеби, мунун айынан Баткендеги Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Ворух-Исфара жолдорун куруу боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады. Аскар Бешимов буга карабай аталган жолдун курулушу уланаарын кошумчалады.

10-июль күн түшкө жуук чек арачылардын катышуусунда куралдуу кагылышуу болуп, бир тажик аскери өлгөнү, кыргыз аскерлерине каршы чыккан бир нече тургун жаракат алганы айтылган. Тажиктер кыргыз аскерлерин карай эки жолу чабуул жасаган. Гранатомет атышкан учурда кыргызстандык бир аскерге таш тийип, учурда Баткендеги ооруканада дарыланууда. Абалы канааттандырарлык.

Окуяга байланыштуу Тажикстан кечээ Кыргызстанга нота жолдогон. Куралдуу кагылышууга эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат.

Учурда аймакта атышуулар жок, бирок абал чыңалган бойдон турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG