Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

ТИМ: Тажикстандын нота жибергени шашылыш кадам


Баткендеги чек арадагы окуя боюнча Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанга нота жибериши шашылыш кадам. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 10-июлдагы окуянын чоо-жайын териштирбей туруп, мындай кескин аракетке барышы туура эмес. Окуя жүрүшүндө тажик тараптан артиллериялык ок атуулар болгонуна басым жасаган Аскар Бешимов бул окуянын чоо-жайы кылдат териштирилген соң гана баа берилиши керектигин белгиледи.(JAk/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG