Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Чек ара жаңжалында жараат алган аскердин абалы дурус


Кыргыз-тажик чек арасында болгон кечээ күнкү жаңжалда жабыркаган 23 жаштагы кыргызстандык аскердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук ооруканасынын жетекчиси Тургунбай Айжигитов билдирди. Анын айтымында, өткөн түнү ооруканага түшкөн аскердин мээси чайкалган. Ага тажик аскерлери Кыргызстанды көздөй гранатомет менен аткан учурда таш тийген.

10-июль күнү түшкө маал эки тараптын чек арачыларынын куралдуу кагылышынан бир тажик аскери өлгөнү, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганы айтылган. Эки тарап карама-каршы билдирүүлөрдү таратып, окуя үчүн бирин бири күнөөлөп жатат. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG