Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Жапония - Борбор Азия кызматташтыгы Бишкекте талкууланат


Келерки аптада Бишкекте Борбор Азиянын жана Жапониянын тышкы иштер министрлери жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинен кабарлашты.

16-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида келет. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт.

"Борбор Азия + Жапония" платформасы мындан 10 жыл мурда жапон тараптын демилгечи боюнча ич ара кызматташтыкты бекемдөө максатында түзүлгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG