Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Жоомарт Оторбаевдин Монголиядан келе электиги айтылууда


Бийликтеги “Азаттыктын” ишенимдүү булактары Оторбаев 8-июлда Монголияга бир күндүк иш-сапар менен барат дегени менен эмгиче келе электигин билдиришти.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн маалымат катчысы Гүлнура Торалиева премьер-министр Жоомарт Оторбаев Монголиядан келген, ушул тушта Кыргызстанда деп билдирди. Эртең маанилүү жолугушуулар өткөрөрүн кошумчалады.

Өкмөттүн расмий сайтында 9-июлда Оторбаев грузин кесиптешине Эдуард Шеварднадзеге байланыштуу көңүл айтты деген кабардан башка кыргыз премьер-министри тууралуу жаңылык жок. Оторбаев кечээ, 10-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча да реакция кыла элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG