Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

"Эвергриния" лагериндеги уулануу тууралуу маалымат текшерилүүдө


Ысык-Көлдөгү "Эвергриния" лагериндеги балдардын тамак-ашка уулануусу боюнча маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин жетекчиси Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, лагердеги балдардын уулануу фактысы далилдене элек. Бирок аймактык санитарлар аны текшерип жатышат.

Буга чейин массалык уулануу болгонун “Эвергриния" лагеринде эс алып жаткан айрым балдардын ата-энелери айтып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG