Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

«Курманжан датка» тасмасы Монреал кинофестивалына катышат


Кыргызстандын «Курманжан датка» тасмасы абройлуу «А» категориясындагы дүйнөлүк Монреал кинофестивалына чакыруу алды. Бул тууралуу бүгүн «Айтыш Фильм» киностудиясынан кабарлашты.

«Кыргызфильм» менен «Айтыш Фильм» бирге тарткан тасма быйыл 31-август, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата эл назарына тартууланат.

Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга дээрлик үч жыл кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалды. (RK)

XS
SM
MD
LG