Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Баткенде абал тынч


Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы аймагы учурда тынч. Кабарчыбыздын айтымында, чатак башталганда жабылган жолдор кайра ачылды, абал жалпысынан тынч. Бирок милиция жана чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

10-июлда Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу жаңжал орун алган. Андан бир кыргыз аскери жараат алды. Тажик тарап бир адам өлгөнү, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлады. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG