Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Искандаров: Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык сөзсүз курулуп бүткөрүлөт


Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолу сөзсүз курулат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

- Кандай гана провокация болбосун, кандай жагдай түзүлбөсүн, бул жол курулат. Себеби ансыз конфликт коркунучу ар дайым сакталып турат. Чыр-чатактарды болтурбоо үчүн Кыргызстан аны куруп бүтүшү керек, - деди Искандаров.

Жолду улантуу дагы эки апта кийинкиге калтырылганын бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Январда токтогон курулуш 10-июлда уланмак болчу.

Куруу иши быйыл январь айында башталган. Бирок тажик тараптын каршылыгына кабылып, чек арада чыр чыккан. 10-июлда да Тамдык айылында куралдуу кагылыш тутанган.

Маматалиевдин белгилешинче, жолду курууну токтото турууну тажик тарап "кырдаал жөнгөрүлгөнчө" деп өтүндү.

10-июлдагы окуя боюнча эки тараптын версиясы ар башка болуп жаткандыктан Кыргызстан өз көз карашын билдирди. Учурда кыргыз-тажик тобу иликтөө жүргүзө баштады. Тажик тараптын айтымында, алардан 2 адам каза болду жана жетөө жараат алды. Ал эми Кыргызстандан бир аскердин мээси чайкалды. (JsO/RK)

XS
SM
MD
LG