Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

Токтогул ГЭСинин реконструкциясы талкууланды


Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Азия өнүктүрүү банкы жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен Токтогул ГЭСинин реконструкциясын талкуулады. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен кабарлашты.

Жолугушууда учурда ишке ашырылып жаткан реконструкциялык долбоордун биринчи фазасы менен катар пландагы экинчи фаза тууралуу сөз болду.

Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке берилген. Андан бери жабдуусу эскирип, жаңылоо талап кылынгандыктан 2012-жылы Азия банкы 40 миллион доллар бөлө турганын жарыялаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG