Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Исфарада кыргыз-тажик чек арачылары жолугушууда


Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Исфара шаарында Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын башчысы, полковник Уларбек Шаршеев менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алымбеков тажик кесиптештери менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу чараларын талкуулап жатышат. Ушул тапта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы 5 көзөмөл өткөрүү бекети штаттык режимде иштеп жатат.

10-июлда Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, андан бир кыргыз аскери жараат алган. Тажик тарап бир адам өлгөнүн, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG