Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Пакистандык укук коргоочу кыз Малала Нигерияга келди


Эки жыл мурун талибдердин кол салуусуна туш болгон пакистандык кыз Малала Юсуфзай Нигериянын баш калаасы Абуджуга келди. Анын сапары аялдарга билим берүүнү жакшыртуу өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду. Малалага аялдардын билим алууга болгон укугун коргоодо активдүүлүгүн көрсөткөнү үчүн кол салышкан. Британияда дарыланган соң ал мындан ары дагы өз принциптерин коргоого убада берген.

Африканын экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирген Нигерияда алты жаштан 11 жашка чейинки балдардын жарымы гана мектепке барат. (AzK)

XS
SM
MD
LG