Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Ооганстанда террордук чабуулдан 32 адам мерт кетти


Регионалдык өкмөттүн өкүлү Сардаки Зовактын билдиришинче, ондогон согушкерлер Лагман провинциясынын Алингар раойнундагы полициянын блокпостторуна сокку урушту. Беш сааттык атышуулардын жыйынтыгында кол салгандардын 15и өлүп, 8и жарадар болду. Коопсуздук кызматынын жети кызматкери мерт кетип, дагы төртөө жарат алды.

Полициянын маалымадашынча, Кандагар провинциясындагы Панджваи районунда жолго коюлган минадан 8 жай тургун, аны ичинде 3 бала каза тапты.

Мындан тышкары Жалал-Абадда мопедге чиркелген бомба жарылып, бир жай тургун менен полиция кызматкери мүрт кетти. БУУнун маалыматында, бул жылдын биринчи жарымында Ооганстанда зомбулука кабылган жарандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 17 пайызга өскөн. (AzK)



Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG