Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Кыргыз балбандары Словакияга кетишти


Бул туурасында “Азаттыкка” эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев билдирди. Словакиянын Снина шаарында эртең башталчу уландар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында балбандар 30 комплект байге үчүн таймашат. Кыргызстандык балбандар 10 салмак боюнча күч сынашат. Грек-рим күрөшү боюнча - Адилет Таалайбеков, Керим Казакбаев, Лука Орлов, Амантур Исмаилов жана башкалар, эркин күрөш боюнча – Айбек Токтогул уулу, Санжарбек Турдубаев, Бакберген Үсөнов баштаган жети балбан таймашка чыгат

Дүйнөлүк чемпионат 14-июлдан 20-июлга чейин созулат. (AzK/KMa)

XS
SM
MD
LG