Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Путин менен Меркел Украинадагы абал деградацияга баратканын белгилешти


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Рио-де-Жанейродогу жолугушуусунда “Украинадагы абал деградацияга түшүп кеткенин” белгилешти.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, эки лидер Украинадагы абалды жайгаруу үчүн кризистик топту жаңылап, шашылыш видео-конференция өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Украина боюнча буга чейин Меркел менен Путин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Меркел Путинден Украинанын чыгышындагы жикчилдердин ок атуусун токтотуу үчүн өз таасирин колдонууга чакырган.

XS
SM
MD
LG